Аравандын Керме-Тоо аймагындагы таза суу долбоору мартта аяктайт

Аймак Загрузка... 16 Январь 2026 17:00
----------------8.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Жакында Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагы таза суу менен толук камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн аталган айыл өкмөткө жаңы суу ташуучу эки техника тапшыруу учурунда белгилүү болду.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, таза суу менен камсыздоо долбоорунун жалпы наркы 400 млн сомдон ашык.

"Долбоор 2026-жылдын март айында толук аяктап, анын жыйынтыгында аймактын тургундары толук кандуу таза суу менен камсыздалат", - деп айтылат маалыматта.