Араванда жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекетке кайтарылды

Коом Загрузка... 30 Май 2025 10:45
WhatsApp Image 2025-05-29 at 17.09.57.jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Ош облусунун Араван районунун Араван айылынын Ленин көчөсү 10 дарегинде жайгашкан, аянты 616 чарчы метр жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекеттин балансына кайтарылды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2011-жылдын 18-майында Мамлекеттик мүлк фонду менен «Юлдуз» муниципалдык ишканасынын ортосунда Кыргыз Республикасынын президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы №421 токтомун бузуу менен (Социалдык инфраструктура объектилери менчиктештирүүгө жатпайт) сатып алуу-сатуу келишими мыйзамсыз түзүлгөндүгү аныкталып, ага ылайык тиричилик үйү жеке колго сатылып кеткен.