Араванда суу сактагыч курулат

Аймак 07 Март 2026 14:32
648462054_122205496808341273_6908118790489880038_n.jpg
646205256_122205496754341273_4377086045545226185_n.jpg
646543301_122205496742341273_587077492927307077_n.jpg
Алдыга
Артка
648462054_122205496808341273_6908118790489880038_n.jpg
646205256_122205496754341273_4377086045545226185_n.jpg
646543301_122205496742341273_587077492927307077_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 07.03.26. /Кабар/. Араван районунун Достук айыл өкмөтүнө караштуу Даңги тилкесинде суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, министр Эрлист Акунбеков суу сактагыч курула турган жер тилкесин көрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.

Суу сактагыч курулса, аймактагы сугат маселесин чечүү жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.