Араванда селден кийин санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук камсыз кылынууда

Аймак 05 Май 2026 17:56
IMG_0498.jpeg
IMG_0499.jpeg
IMG_0500.jpeg
IMG_0501.jpeg
IMG_0502.jpeg
IMG_0505.jpeg
IMG_0504.jpeg
IMG_0503.jpeg
IMG_0506.jpeg
IMG_0507.jpeg
IMG_0508.jpeg
IMG_0511.jpeg
IMG_0510.jpeg
IMG_0509.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0498.jpeg
IMG_0499.jpeg
IMG_0500.jpeg
IMG_0501.jpeg
IMG_0502.jpeg
IMG_0505.jpeg
IMG_0504.jpeg
IMG_0503.jpeg
IMG_0506.jpeg
IMG_0507.jpeg
IMG_0508.jpeg
IMG_0511.jpeg
IMG_0510.jpeg
IMG_0509.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.05.26. /Кабар/. Араван районунда селдин кесепетинен кийин санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук камсыз кылынууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, 3-майда Маданият, Пахта-Дөбө айылдарында жана Бостон айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 21 турак үйдүн короо-жайын, 10 ажаткананы, 1 мектептин жана 1 бала бакчанын короосун суу каптаган.

Райондун тиешелүү кызматтары (жергиликтүү бийлик, ӨКМ, жол тейлөө ишканасы, СЭЦ) тарабынан тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлүп, 4-май күнү толугу менен аяктады. Учурда Маданият айылында ички жолдор, арыктар жана сел каналдары калыбына келтирилүүдө.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында райондук Санитардык-эпидемиологиялык кызмат активдүү иш алып барууда. Алар 50 кг ГСА жана 100 даана "Хлорапин" дезинфекциялоочу каражаттарын колдонуп, залалсыздандыруу иш-чараларын жүргүзүштү. Мындан тышкары, 62 турак үй кыдырылып, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Суу түтүктөрү жабыркаган эмес. Ичүүчү суунун сапаты текшерилип, бардык чекиттерден алынган үлгүлөр боюнча олуттуу терс белгилер аныкталган жок. Учурда район боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө.