Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Араван районунда кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзмсыз курулуштарды аныктоо боюнча Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан рейддик иш-чаралар уюштурулууда.
Иш-чарага райондогу Достук айыл аймагынын адистери да катышып, “Ош 3000” көчөсүндөгү кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар аныкталган.
Объектилер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштеринин алкагында буздурулууда.