Араванда консерва заводу мамлекетке кайтарылды

Аймак 16 Июль 2025 17:22
WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.28.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.28.06 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.28.06 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.28.06 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.28.05.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.28.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.28.06 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.28.06 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.28.06 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-16 at 16.28.05.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Араван районундагы мамлекеттик консерва заводу мамлекеттик баланска кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк комплекстерин аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Араван районунда жайгашкан 2,57 гектар жер аянты менен мамлекеттик консерва заводун кайтарып берди.

Алсак, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 2004-жылы консерва заводунун жер тилкеси муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган, алар андан ары жер тилкесин бөлүү аркылуу категориясын өзгөртпөстөн жеке адамдарга жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн.

Мындан улам 4-июлда соттун чечими менен, консерва заводунун мүлк комплекси жеке менчикке өткөндүгү тууралуу токтом жараксыз деп табылып, мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттик балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.