Араванда картошка бышып, сатыкка чыкты

Аймак 29 Апрель 2026 09:40
араван.jpg
WhatsApp Image 2026-04-28 at 17.35.32.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-28 at 17.35.33.jpeg
Алдыга
Артка
араван.jpg
WhatsApp Image 2026-04-28 at 17.35.32.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-28 at 17.35.33.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Араван районунда картошка бышып, сатыкка чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда дыйкандар түшүмүн дүң баада сатып жатышат.

"Быйыл райондун аймагында 1 665 гектар жерге картошка эгилген. Бул аймакта картошка негизинен 20-майларда бышат. Бирок, быйыл күндүн ысыгына байланыштуу эрте бышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, дыйкандар түшүмүн жергиликтүү базарда жана Бишкек шаарында сатышат.