Араванда ата мекендик «Береке» минералдык суусу чыгарылууда

Аймак Загрузка... 09 Сентябрь 2025 10:05
NazarNews_210066226484684853665781756743631692584.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Араванда ата мекендик «Береке» таза минералдык суусу чыгарылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Араван районунда жеке ишкер «Береке» аттуу чакан ишканасын ачып, таза минералдык сууну өндүрүүдө.

Ишканада бардык керектүү заманбап техникалык жабдуулар орнотулуп, өндүрүш процесси санитардык жана сапат талаптарына толук жооп берет.