Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Аравандын Керме-Тоо айыл аймагына таза суу тартуу иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бүгүн Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев "АРИС" уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан таза суу долбоорунун жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка караганда, таза суу тартуу иштери өткөн жылы башталып, учурда активдүү фазада уланууда. Долбоордун алкагында жалпы 27 чакырым аралыктан таза суу түтүктөрү тартылып, сыйымдуулугу 1500 куб метрди түзгөн суу кампасы курулууда.
Жалпы наркы 400 млн сомдон ашкан долбоор 2026-жылдын март айында толук аяктап, жыйынтыгында аймактын тургундары таза суу менен камсыздалат.
Облус башчысы аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.