Араван районунун кире беришиндеги арка жаңыланат. Эскиздери

Аймак 22 октябрь 2025 12:44
whatsappimage20251022at114823-16868f871262fa875.58636880.jpg
whatsappimage20251022at1148231-52268f87126303c06.68552460.jpg
whatsappimage20251022at112254-45068f871263087d3.12142615.jpg
Алдыга
Артка
whatsappimage20251022at114823-16868f871262fa875.58636880.jpg
whatsappimage20251022at1148231-52268f87126303c06.68552460.jpg
whatsappimage20251022at112254-45068f871263087d3.12142615.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Араван районунун кире беришиндеги арка жаңыланат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Шаар куруу жана архитектура департаментинин Араван райондук башкармалыгы тарабынан арканын эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, эсиздик долбоор Араван районунун 90 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан иш-чаранын алкагында райондун башкы аркасын жаңылоо максатында даярдалды.

Ошондой эле сырткы көрүнүшүн реконструкциялоо менен катар айлана чөйрөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү да каралган.