Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Бүгүн Араван районунун 90 жылдык мааракесине карата билим берүү, спорт, медицина жана өндүрүш тармактарында 9 жаңы социалдык объект ачылды.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, салтанатка министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышып, онлайн форматта бир убакта объекттерди пайдаланууга берүүгө старт берди.
Ишке берилген объекттер:
- Ачы айылынын Шор-Булак участкасында курулган соода-логистикалык борбору, жалпы кубаттуулугу 600 тоннаны түзөт. Долбоордун наркы 21 млн сом. Борбор айыл чарба продукцияларын сактоого ыңгайлашып, 40 адам иш менен камсыздайт.
- Жаңы-Араван айылында П.Абылкасымов атындагы орто мектебинин спорт залы. Курулушка жергиликтүү бюджеттен 19,3 млн сом сарпталган.
- Ачы айылында курулган 30 орундуу "Каражантак" бала бакчасынын жалпы сметалык баасы 12,7 млн сомду түзөт.
- Ош – Араван – Чек-Абад унаа жолунун 10 чакырымы толук асфальтталып бүттү. Ал үчүн республикалык бюджеттен 72 млн сом каралган.
- Араван РИИБдин жыйындар залы – 100 адамга ылайыкталган, баасы 3 млн сом.
- С.Шарипов мектебинин кошумча окуу корпусу – 8 класска эсептелип, 200 окуучуга ылайыкталган. Долбоордун жалпы суммасы 19,7 млн сом, анын ичинде элдин салымы 6 млн сом, облустук өнүктүрүү фондунан 8 млн 992 миң, жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом бөлүнгөн.
- Жер ресурстары кызматынын Араван филиалынын административдик имараты – курулушка 8 млн сом сарпталган.
- Интернационал айылында фельдшердик акушердик пункт ачылды. ФАП 300дөн ашуун тургунга кызмат көрсөтөт.
- Чек-Абад айыл аймагында мозаика өндүрүү цехи ачылды. Саатына 200 кг чийки зат иштетип, күнүгө 300 чарчы метрге чейин мозаика өндүрөт. Цехте 25 жумуш орду түзүлдү.
Жыйынтыктап айтканда, жаңы ачылган объекттер аймактагы билим берүү шарттарын жакшыртып, жол инфраструктурасын өнүктүрүп, жумушчу орундарды түзүү менен жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.