Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Ош облусунун Араван району дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө .
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Араван районунда дизайн-коддун талаптарына ылайык аймакты иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Дизайн-код Араван райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бекитилип, учурда райондун борбордук бөлүгүндө жана бир катар аймактарда коомдук имарат, мекеме жана соода жайларынын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жаңыртылып, көрнөк-жарнак такталары бирдиктүү үлгүдө орнотулууда.
Дизайн-код—бул райондун архитектуралык көрүнүшүн, көчө-жол тармагын, коомдук жана турак жай объекттерин бирдиктүү стилистикалык багытта өнүктүрүүнү камсыздаган документ.
Анын негизги максаты -Араван районунун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн түзүү болуп саналат.