Араван – Ак-Буура каналын реконструкциялоо иштери башталды

Аймак 24 Октябрь 2025 14:20
photo_5465640648221783435_y.jpg
photo_5465640648221783433_y.jpg
photo_5465418791686109112_y.jpg
photo_5465418791686108930_y.jpg
photo_5465418791686108926_y.jpg
photo_5465418791686108925_y.jpg
photo_5465418791686108923_y.jpg
photo_5465370361634880904_x.jpg
photo_5465370361634880903_x.jpg
Алдыга
Артка
photo_5465640648221783435_y.jpg
photo_5465640648221783433_y.jpg
photo_5465418791686109112_y.jpg
photo_5465418791686108930_y.jpg
photo_5465418791686108926_y.jpg
photo_5465418791686108925_y.jpg
photo_5465418791686108923_y.jpg
photo_5465370361634880904_x.jpg
photo_5465370361634880903_x.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрага орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван - Ак-Буура каналынын реконструкциялоо иштерине старт берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, канал 1968-жылы курулуп Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын, ошондой эле Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарынын, Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын аймактарынан өтөт. Бардык жерлер сугатка жарактуу. Каналдын негизги суу булагы - Ак-Буура дарыясы.

Каналдын негизги гидротехникалык курулмалары мындан 40-70 жыл мурда курулган жана азыркы учурда эскирип, оңдоого муктаж болуп жаткан.

Араван-Ак-Буура каналы жаңыланса 16 миң гектардан ашык аймакка туруктуу суу жеткирилет, суунун жоготуулары азаят  жана бөлүштүрүүсү жакшырат, сел жана ташкын коркунучтарды алдын алат, айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугу камсыз кылынат жана түшүмдүүлүк жогорулайт.

"Араван - Ак-Буура каналы – Ош облусунун жана түштүк аймактардын айыл чарбасы үчүн өзгөчө мааниге ээ объект. Бул каналдын жаңыланышы миңдеген дыйкандардын эмгегине дем берет. Реконструкциялоо иштери бүткөндөн кийин 16 миң гектардан ашык жерге туруктуу суу жеткирилип, дыйкандар түшүмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Өкмөттүн негизги максаты – сууну натыйжалуу башкаруу жана ар бир чарбага жеткирүү", – деди Бакыт Төрөбаев.