«Арашан» породасындагы асыл тукум кочкорлор миллион сомго чейин сатылууда

Коом 1 октябрь 2025 10:50
WhatsApp_Image_2025-10-01_at_09.44.09.jpeg
WhatsApp_Image_ygjjF3j.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_mz1coC4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2025-10-01_at_09.44.09.jpeg
WhatsApp_Image_ygjjF3j.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_mz1coC4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда “Арашан” аттуу асыл тукум койлор популярдуулукка ээ болуп, фермерлер арасында жана чет өлкөлөрдө да кызыгууну жаратууда.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул тукум 2021-жылы расмий түрдө катталып, негизинен эт-май багытына багылган.

Фермер Нурлан Тентимишовдун айтымында, “Атилла” деген ат менен белгилүү кочкордун салмагы 180–190 кг, бою 104 см. Арашан койлордун эти майлуу, жытсыз жана ширелүү, климаттын өзгөрүүлөрүнө туруктуу.

Экономикалык жагынан да асыл тукумдун баасы жогору болуп, миллиондогон сомго чейин бааланууда. Элита класстагы кочкорлор чет өлкөлөргө экспорттолуп, фермерлер үчүн кирешелүү бизнеске айланууда.

Өнүмдүүлүгү:

  • Эти майлуу жана назик;
  • Куйругунда жана ич майы мол;
  • Ургаачылары жылына 1-2 козу төрөйт;
  • Козулары тез өсүп, 4-5 айда 40-50 кг салмакка жетет.