Арашан койлору айыл чарбадагы мыкты бизнес. Бир козусун 5 миң доллардан саткан фермер

Аймак Загрузка... 23 Январь 2026 18:00

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын тургуну Руслан Орузбаев Арашан койлорун багууну кирешелүү бизнеске айлантты. Анын короосунан чыккан «Бутак» жана «Носорог» сыяктуу кочкорлор бүгүнкү күндө асыл тукум мал чарбачылыгында брендге айланган.

Каарманыбыз бул тармакта 15 жылдан бери эмгектенип, сан эмес, сапатка басым жасап келет. Анын айтымында, мал чарбачылыгы түйшүктүү болгону менен, туура жолго коюлса эң кирешелүү тармактардын бири.

WhatsApp Image 2026-01-23 at 16.52.16.jpeg

Фермердин короосундагы козулардын эң арзаны 1 000 доллардан баштап сатылат. Ал эми өзгөчө генетикага ээ козулардын баасы 5 000 долларга чейин бааланган учурлар бар. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү көптөгөн белгилүү "арашанчылар" өз короосун дал ушул Алмалуудагы асыл тукум койлор менен толукташкан.

Асыл тукум койлордун жөнөкөй койдон айырмасы тууралуу Руслан Орузбаев төмөндөгүлөрдү белгиледи:

  • Сөөктөрүнүн чоңдугу, боюнун бийиктиги жана салмагы боюнча башка тукумдардан кескин айырмаланат.
  • Назик көрүнгөнү менен суукка жана катаал шарттарга абдан чыдамкай.

«Арашан койлору – бул сулуулуктун, эттин жана пайданын айкалышы. Эгер малга туура кам көрүп, генетикасына маани берсең, бул бизнес эч качан кирешесиз калтырбайт», — дейт ал.

Алмалуу айылындагы асыл тукум кочкорлор бир катар республикалык көргөзмөлөрдө байгелүү орундарды багындырып, Кыргызстандын асыл тукум мал чарбачылыгынын потенциалын далилдеп келет.

WhatsApp Image 2026-01-23 at 16.52.16 (1).jpeg

Каарманыбыз ошондой эле Арашан кой менен иштөөдө койду бир короодон алып өстүргөн жакшы жана натыйжасы мыкты болорун белгилеп, жаш чарбакерлерге ушуларга көңүл бурууга чакырды.

"Кабар" маалымат агенттиги Бекмырза Айдар уулу