Бишкек, 29.08.25 /Кабар/. Арашан – Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат. Блул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Бүгүнкү күндө жолдун 0-22-чакырымдар аралыгында кеңейтүү иштери толугу менен аяктады.
Учурда суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо иштери уланууда. Ал үчүн айдоочуларга убактылуу айланма жол да даярдалды. Жакында жолдун негизги катмары жасалып, асфальт төшөө иштери башталат.
Жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, № 25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Арашан – Чуңкурчак жолу туристтик мааниге ээ болгон негизги каттамдардын бири. Аталган жол тоо лыжа базага жана аймактагы эс алуу жайларга алып барат. Жолдун курулушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыз кылат.
Белгилей кетсек, министрлик тарабынан өлкө аймагындагы туристтик объектилерге барган жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.