Арашан – Чуңкурчак унаа жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлдү

Коом 29 Июль 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-07-29 at 09.04.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 09.04.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 09.04.23 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 09.04.23.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-29 at 09.04.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 09.04.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 09.04.23 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-29 at 09.04.23.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Арашан – Чуңкурчак унаа жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 20 чакырым 731 метрди түзөт. Долбоор боюнча эми асфальттын экинчи катмары төшөлөт.

Мындан тышкары, жол боюндагы тирөөчү дубалдар жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады.

Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында темир тосмолордун 60%ы, жол белгилеринин 80%ы орнотулду. 2 көпүрөнүн курулуш толугу менен бүткөрүлдү.