Арашан – Чуңкурчак унаа жолун оңдоо иштери уланууда

Коом 21 11 Август 2026 10:00
724129212_3875467135929790_4802214171202042666_n.jpg
WhatsApp_Image_Zi1F8Yp.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
724129212_3875467135929790_4802214171202042666_n.jpg
WhatsApp_Image_Zi1F8Yp.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Чүй облусундагы Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 21,7 чакырымды түзгөн жолдун 16-20-чакырымдар аралыгында иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары, жол боюндагы тирөөч дубалдарды жана суу өткөрүүчү түтүкчөлөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Ошондой эле эки көпүрөнүн курулушу да толук бүткөрүлдү. Кооптуу тилкелерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жол белгилери жана темирден ийри жол тосмо брустары орнотулууда.