Аралыкты кыскарткан жаңы жол: Миң-Өрүк – Самаркандек жолу курулууда

Аймак 03 Июнь 2026 10:40
6a1ed9012c1b8.jpeg
6a1ed8fa98261.jpeg
6a1ed8fac9dfa.jpeg
Алдыга
Артка
6a1ed9012c1b8.jpeg
6a1ed8fa98261.jpeg
6a1ed8fac9dfa.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды.

Минкаб башчысы стратегиялык маанидеги Миң-Өрүк–Самаркандек жолунун курулушун текшерди.

Миң-Өрүк–Самаркандек унаа жолунун  узундугу 3,2 чакырымды түзүп, долбоордо эстакадалык көпүрөнүн курулушу дагы каралган.

Курулуп жаткан жол азыркы пайдаланып жаткан каттамга караганда Лейлек районуна 3 чакырымга, ал эми Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга 17 чакырымга кыскарат.

Бүгүнкү күндө зоону жардырып жол куруу жана көпүрөнүн таянычтарын тургузуу иштери кызуу жүрүп жатат.