Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү системасы расмий ишке киргизилүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы түшүндүргөндөй, бул салттуу мааниде электрондук добуш берүү эмес, шайлоочуларды идентификациялоонун жаңы онлайн технологиясы жарандарга өлкөнүн каалаган жеринен, же чет өлкөдөн өз округуна добуш берүүгө мүмкүндүк берет.
БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаев билдиргендей, система пилоттук режимде 2023-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо сыналган. Анда БШК алгачкы жолу шайлоочуну идентификациялоо жана бюллетендерди басып чыгаруу функцияларын бириктирген көп функциялуу түзүлүштү колдонгон. Ийгиликтүү сыноолордон кийин парламент 2025-жылы аралыктан добуш берүүнү мыйзам деңгээлинде бекитип, жайында мыйзамга президент кол койгон.

"Биз электрондук добуш берүүнү эмес, шайлоо процессинин бир гана этабы болгон онлайн-идентификацияны киргизип жатабыз. Шайлоочу мурдагыдай эле кагаз бюллетень алып, колу менен белги коюп, аны автоматтык урнага салат", — деп белгиледи Аскар Акимбаев.
Эксперт белгилегендей, система шайлоочунун өздүгүн жана анын катталган дареги боюнча шайлоо округун аныктайт. Мисалы, Талас облусунун жашоочусу Бишкекте туруп эле идентификациядан өтүп, өзүнүн округу боюнча талапкерлери менен бюллетень ала алат. Добуш берүүдөн кийин бюллетень автоматташтырылган урнага салынып, маалыматтар жалпы базада эсепке алынат.
Ошондой эле онлайн-идентификация башка жерден добуш берүү тууралуу мурдагыдай №2 формасы боюнча алдын ала арыз берүүнүн зарылдыгын дагы жокко чыгарат.

"Эми комиссияны алдын ала кабардар кылуунун зарылчылыгы жок. Система автоматтык түрдө шайлоочуну аныктап, маалыматтарды салыштырып, бюллетенди анын округу боюнча чыгарып берет. Ошентип, кыргызстандыктар өздөрүнүн шайлоо тилкесине келбестен эле өлкөнүн каалаган аймагында, жада калса чет өлкөдөн дагы добуш бере алышат. Негизги шарт - КР жаранынын паспорту (ID-карта, чет элдик паспорт, кызматтык же дипломатиялык паспорт) же алардын "Түндүк" тиркемесиндеги электрондук аналогу болушу керек.
Бул кандай иштейт?
Онлайн-идентификация системага шайлоочунун өздүгүн аныктоого жана анын катталган жери боюнча шайлоо округун аныктоого мумкүндүк берет. Бул маалыматтардын негизинде түзүлүш тиешелүү түрдөгү бюллетенди автоматтык түрдө басып чыгарат.
Бюллетень салттуу түрдө кагаз бетинде толтурулат. Андан кийин ал добуштарды каттап, санап чыгуучу автоматташтырылган урнага салынат.
БШКдан белгилешкендей, бул жерде сөз саясатчылар көп жаңылыш айтып жүргөндөй электрондук добуш берүү жөнүндө эмес.

"Биз электрондук добуш берүүнү эмес, шайлоо процессинин этаптарынын бири болгон онлайн-идентификацияны гана жайылтып жатабыз. Шайлоочу мурдагыдай эле кагаз бюллетенди алып, кол менен белгилеп, аны автоматташтырылган урнага салат", - деп түшүндүрдү Акимбаев.
БШКнын өкүлүнүн айтымында, электрондук добуш берүү кагаз бюллетенсиз компьютер же мобилдик телефон аркылуу добуш берүү болуп саналат, бул шайлоочуларды сатып алуу жана элдин ишенбөөчүлүк коркунучун жаратат. Ошондуктан, Кыргызстан атайылап физикалык бюллетенди сактап, бирок катышуу процессин жеңилдеткен гибрид форматты тандап алды.
Мурда башка жактан добуш берүүнү каалаган шайлоочу алдын ала арыз (№2 формасы боюнча) бериши керек болсо, эми бул зарылчылык жоюлду. Онлайн-идентификация автоматтык түрдө кайталоону жокко чыгарат жана адам кайсы жерде болбосун, бир жолу добуш берүүгө мүмкүндүк берет.
"Автоматташтырылган эсептөө урналары — Кыргызстанда 2015-жылдан бери колдонулуп келет жана ишенимдүүлүгүн далилдеди. Алар кол менен жасалган бурмалоолорду жокко чыгарат, ал эми талаштуу бюллетендердин бардык учурлары катталып, мыйзам боюнча каралат. Эл алардын добушу эсепке алынарын билет. Онлайн-идентификация жөн гана катышуу мүмкүнчүлүгүн, өзгөчө башка облуста же чет өлкөдө жүргөндөр үчүн катышууну кеңейтет", — деп баса белгиледи Акимбаев.