Өздүк имаратка ээлик кылуу өлкөнүн имиджин бекемдейт

Аналитика Загрузка... 05 Сентябрь 2025 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстандын президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2023-жылдан баштап чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менчик имараттарга ээ болуп,  дипломатиялык кызматкерлерге кызматтык батирлер сатылып алынууда. Буга чейин, чет  өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү имараттарды жана кызматкерлер үчүн батирлерди ижарага алып, ал үчүн өлкө бюджетинен сезилээрлик каражатар сарпталып келген. Биринчиден, мындай кадам өлкө бюджетине жүктү азайтуу жана чет өлкөдө эмгектенген дипломаттарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалып жатат. Бул, албетте, ошол элчиликтерде жана өкүлчүлүктөрдө эмгектенген дипломатиялык кызматкерлердин ишмердигин бир топ жогорулатат.

“Бул багыттагы иштер системдүү жана прагматикалык мүнөзгө ээ болуп, мындан ары дагы улантылмакчы. Мамлекет чет өлкөлөрдөгү өзүнүн дипломатиялык корпустарынын кызматкерлери үчүн имараттарды менчикке сатып алуу аркылуу ынгайлуу шарттарды түзүү ишин улантууда”,-деп жазат Фейсбук баракчасына президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозөв.

2023-жылы Кыргызстандын Мажарстандагы, Франциядагы элчиликтер үчүн имараттар сатылып алынган.

2024-жылы Германиядагы,  Россиянын Новосибирск шаарындагы элчиликтеринде эмгектенген кызматкерлер үчүн батирлер менчикке сатылып алынган.

Быйыл болсо, өлкөбүздүн Кореядагы элчилиги өзүнүн имаратына көчүп, кубанып турган чагы. Ошондой эле Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгү үчүн Нью-Йорк шаарында Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери үчүн төрт батир жана Туруктуу өкүл үчүн резиденция сатылып алынды.

АКШ жана Канададагы эмгектенген дипломаттар үчүн да төрт кызматтык батир менчикке алынды.

Учурда Кыргызстандын Швейцариядагы, Австриядагы элчиликтери үчүн имараттарды менчикке сатып алуу алуу боюнча иш жүрүүдө.

Чет өлкөлөрдө элчиликтер жана кызматкерлер ижара акысы үчүн айына орточо 2500дөн 4500 долларга чейин коротуп келишкен. Айрыкча алыскы мамлекеттерде. Европада кеңсени ижарага алуу 5000 евродон 6500 еврого чейин.

“Эми, мамлекет бул имараттарды сатып алуу менен ижара үчүн акча коротпойт жана менчиктеги имараттарга коротулган каражат бир канча жылда эле өзүн актап коет”,- деп жазат Аскат Алагозөв.

Чет өлкөлөрдө  элчиликтердин имараттары - бул өз өлкөсүнүн чегинен тышкары жердеги «жүзүнө» салыштырат мамлекеттик ишмер, саясий илимдеринин доктору Токон Мамытов.

«Өзүнүн дипломатиялык кыймылсыз мүлкүнүн болушу эл аралык коомчулукка өлкөнүн жөн гана бар экенин эмес, саясий жана экономикалык картада бекем орношуу ниетин билдирет. Финансылык логикага таянсак, узак мөөнөттүү ижара кымбатка туруп, активдерди жаратпайт. Имараттарды сатып алуу – бул убакыттын өтүшү менен акталуучу инвестиция. Андан тышкары, дүйнөнүн негизги борборлорундагы кыймылсыз мүлк – бул баасы өсүүчү актив. Ошентип, дипломатия жумушчу мейкиндикке гана ээ болбостон, туруктуу материалдык пайдубалга да ээ болот», - деди ал “Кабар” агенттигине берген маегинде.

Токон Мамытов элчиликтер үчүн имараттарды сатып алуу фактысын мамлекеттин өнүгүү көрсөткүчү катары кароого болорун белгиледи.

“Бул өлкө бир катар биринчи кезектеги маселелерди чечип, эми чет өлкөдө капиталдык салымдарды жасоого мүмкүнчүлүгү бар дегенди билдирет. Мындай кадам институттардын жетилгендигин, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарды түшүнүүнү чагылдырат. Өзүнүн имараттары дипломатиялык коопсуздукту камсыз кылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет, бул азыркы дүйнөдө негизги ролду ойнойт”,-дейт ал.

Чет өлкөлөрдө элчиликтердин менчик имараттарга ээ болуунун  пайдалуусун белгилейт Илимдер академиясынын вице-президенти, юридика илимдеринин доктору Чолпонкул Арабаев.

Анын айтымында,  имаратка ээ болуу туруктуу жана коопсуз катышууну камсыздайт, дипломатиялык мамилелерди бекемдейт, консулдук функцияларды натыйжалуу аткарууга жана улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле ижарачылардан жана кыймылсыз мүлк рыногунун өзгөрүүлөрүнөн көз карандысыздыкты камсыздайт. Имаратка ээлик кылуу узак мөөнөттүү ниеттерди билдирет жана өлкөнүн имиджин бекемдейт.

"Элчиликтердин жеке имараттарга ээ болуунун артыкчылыктары:

1.Туруктуулук жана коопсуздук: Өз имараты дипмиссиянын жайгашкан өлкөдө туруктуу болушуна кепилдик берет, дипломатиялык персоналдын коопсуздугун жана мамлекеттик материалдардын сакталышын камсыздайт.

2.Көз карандысыздык: Кыймылсыз мүлккө ээ болуу ижарачылардан көз карандуулукту азайтат, бул ижара келишимин бузуу менен байланышкан тобокелдиктерден качууга жана ээси менен кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алууга мүмкүндүк берет.

3.Имиджди бекемдөө: Өзүнүн элчилигинин болушу, айрыкча престиждүү райондо, өлкөнүн статусун баса белгилеп, эл аралык аренада анын имиджин бекемдейт.

5.Улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү: Туруктуу жана корголгон өкүлчүлүк саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле чет өлкөдөгү өз жарандарына көмөк көрсөтүү боюнча натыйжалуу иштөөгө мүмкүндүк берет.

6.Консулдук кызматтар: Өзүнүн имаратында өлкө паспорт жана виза берүү сыяктуу консулдук функцияларды ыңгайлуу жана натыйжалуу жүргүзүп, ошондой эле өз жарандарына жардам көрсөтө алат”,- деп чечмелеп берди Чолпонкул Арабаев.