Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Кабар” маалымат агенттигине Кыргыз-тажик чек арасы боюнча берген маегинде, бул чечим жалпы эле кыргыз мамлекети үчүн өтө кубанычтуу деген пикирин айтты.
“Эгемендүү болгондон бери чек ара маселелери канчалаган көйгөйлөрдү жаратып келген эле. Кытай эл республикасы, Казакстан, Өзбекстан менен чек аралар чечилген.
Тажикстан мамлекети менен болгон чек ара маселеси ал мамлекеттин өзүндө ички көйгөйлөрү күч болуп турганда Кыргызстандын мурунку бийлик башчылары саясий эркинин начарлыгынанбы же бир тууган тажик элине жасаган аяр мамиледен уламбы маселе чечилбей, отуз үч жыл чек арада жашаган жарандарыбыз үчүн өтө чоң көйгөйлөрдү жаратып келди.
Азыркы бийлик келген күндөн баштап боордош эки элдин ортосундагы чиеленишип, чоң көйгөй жаратып келген чек ара маселе боюнча тынымсыз иш алып баруунун аркасында, айрыкча мамлекет башчыбыз Садыр Нуркожоевич менен Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин түздөн түз кийлигишүүсү менен, дипломатиялык талыкпаган аракети менен кыргыз тажик мамилелери жакшырып, анын аркасынан элибизге жакшылык келди, жергебизде тынчтык орноду. Эки мамлекеттин ортосундагы талаш-тартыш, чек ара маселеси чечилди.
Мунун өзү жалпы эле кыргызстандыктар үчүн, ошонун ичине чек ара аймагында жашаган тажик боордоштор үчүн дагы сонун болду. Мындан ары уруш-талаш жок, аймакта жашаган эки эл эч кандай коркпой үркпөй, чек арада өздөрүнүн жашоосун улантып, өнүгүп-өсүп, жакшы жашоосу өркүндөп, ынтымакта жашашат деген ойдомун.
Албетте, буга чейин бизге оор болду, ортодо талаш-тартыштан чыккан жаңжалдардан биздин дагы жарандар жабыр тартышты. Мамлекетибиз, элибиз менен биз дагы бир топ оор күндөрдү башыбыздан кечирдик. Бирок, эки мамлекеттин башчылары, айрыкча биздин мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичтин саясий эркинин күчтүүлүгүнөн, терең дипломатиялык жол менен ушул маселе ордуна коюлду деп ойлойм. Мына эми жаркыраган жаздын келиши менен, эки мамлекетте тең макулдашуу келишимине кол коюлуп жакында Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүп, биротоло эл аралык мыйзамдын статуусуна ээ болот деген терең ишенимдемин.
Бирок айрым жарандарыбыз билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй ар кандай сөздөрдү чыгарып, эки элдин ортосуна бүлүк салышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да дүйнөлүк практикада чек ара маселеси эл аралык укуктун нормалары менен, өз ара макулдашуунун негизинде, консенсуска келүү жолу менен гана чечилет. Жер тилкелер бир жагынан берилсе, экинчи жагынан алынат. Башкача айтканда 50/50 деген эл аралык укукта кабылган атайын нормага таянуу менен чечилет. Чек араны тактоодогу маселеде эч качан бир жагы утуп, экинчи жагы утулуш менен чек ара маселеси чечилен эмес. Бул өзү дүйнөлүк практика, эл аралык укуктун нормалары БУУнун атайын чечими менен бекитилген. Ошондуктан, биз дагы муну туура түшүнү менен кабыл алышыбыз керек.”-дейт Чолпонкул Арабаев.
Академиктин айтымында, эң башкысы келечекте бир дагы Кыргызстандык менен тажикстандык жарандардын ортосунда эч качан талаш-тарыш, өйдө-төмөн маселе болбой, жарандарыбыз жабыркабай, жаркылдап жайнап жашашы керек.
“Менин Баткендик мекендештерим өздөрүнүн туулуп өскөн жеринде өркүндөп, өсүп жыргалчылыкта жашап, улуттук деми бийик, маанайы жогору болуп, келечек үчүн алдыга койгон максаттары орундалып, элибизде, жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүн жараткандан миң мертебе суранаар элем”-дейт Арабаев.
Анткени бүгүн дүйнөдөгү болуп жаткан окуялар Кыргызстандыктарды эгерде ынтымакта, улуттук бийик демде, наркты, салтты сактоо менен жашоо кечирбесек, келечекте өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болуп кала тургандыгыбыз күмөн болушун ачык айкын далилденип турганын туйуп, сезип турабыз.