Арабаев: Эл арасында “баягылар эле келиптир” деген ой-пикирлер бар

Пикир Загрузка... 01 Декабрь 2025 18:02
WhatsApp Image 2025-12-01 at 16.22.28 (1).jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңешке келген депутаттардын деңгээли канчалык бийик болсо, андагы иш дагы ошончолук жогору болот. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин трибунасы эң жогорку трибуна.

“Менимче Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы менен айрым мурда депутат болгон Кыргызстандын жарандары кайрадан парламентке келишти. Эл арасында “баягылар эле келиптир” деген пикирлер бар. Бирок, мурунку чакырылыштын депутаттарынын, жергиликтүү кеңеште иштеген депутаттардын жана мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кайрадан депутат болгондордун парламенттин курамына келгени жакшы. Себеби, Жогорку Кеңешке толугу менен жаңы депутаттар келсе, алар кайра ошол ишти баштагыча бир топ убакыт өтүп кетет. Ошондуктан мүмкүн болушунча эл өкүлдөрүнүн аралаш келгени жакшы. Өзгөчө жаштардын келгени мени кубандырууда”, - дейт Арабаев.

Ошондой эле ал эл кимди тандаса ошону менен иштешүү керек экендигин баса белгиледи.

“Бийликке келген адамдар дагы эл өкүлдөрү менен эсептешип, иштешкенге туура келет. Эл өкүлдөрү өздөрү жакшы бир изденүү менен, жоопкерчиликтүү сезүү менен, бийликтин бир бутагы ошонун ичинде мыйзам чыгаруу бутагы экенин билгенден кийин дайыма үлгү болуулары керек. Бирок, даяр парламент эч качан болгон эмес, парламенттин табияты өзү ошондой”,- деди Арабаев.