Ар бир ватт маанилүү. Электр энергиясын үнөмдөө - бул Кыргызстандын келечегине салым

Экономика Загрузка... 11 Ноябрь 2025 18:16
_energy.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Президент Садыр Жапаровдун кыргызстандыктарга кайрылуусу акыркы жылдардагы өлкөнүн энергетика тармагынын абалы боюнча эң мазмундуу кайрылуулардын бири болду. Өлкө башчысынын кайрылуу жасаганына күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү өзгөртпөстөн, "чектөөсүз тарифти" колдонуу боюнча “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” (КУЭТ) акционердик коомунун демилгеси түрткү болду.

Мамлекет башчысы бул чечим Энергетика министрлиги менен алдын ала макулдашылбастан көтөрүлгөнүн жана учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2 млрд куб метрге аз болгондуктан, чектөөсүз тарифке кошулууга бөгөт коюлганын белгиледи.

Ички териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Энергетика министрлиги тарабынан "КУЭТ" ААКнын башкы директоруна жана коммерциялык
маселелер боюнча башкы директордун орун басарына “сөгүш” берилгени, андан тышкары электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы кызмат ордунан бошотулгандыгы маалым болду.

3127619_0O8zpdb.cf8092fba58c1bbb9c66f3e3f3517e.width-800

Карыз жана тартыштыктан реформага жана курулушту карай

Садыр Жапаров эске салгандай, мындан беш жыл мурун Кыргызстандын энергетика системасы оор абалда болгон: тармактын тышкы карызы 137 млрд сомду түзгөн, “Чыгыш электр” жана “Жалал-Абад электр” ААК банкрот болуу алдында турган. Эски жабдуулар, коррупция жана эффективдүү эмес башкаруу өлкөнү электр энергиясын 5 сомдон сатып алууга аргасыз кылып, анын бир кВт саатын элге 0,77 тыйындан беришкен.

ecomomiya-elektroenergii.width-800

Акыркы жылдарда жагдай өзгөрдү. Реформаларды жүргүзүүнүн, коррупциялык схемаларга каршы күрөшүүнүн, электр энергиясындагы жоготууларды кескин төмөндөтүүнүн негизинде энергетика тармагынын карызы 25 млрд сомго түшүрүлдү.

Президент белгилегендей, 2026-жылы карыздан толук кутулуп, 2027-жылдан баштап энергетикалык система пайдага чыга баштайт.

Жаңы энергетика: модернизациядан кайра жаралуучу энергия булактарына чейин

Реформалардын негизги багыттарынын бири катары ГЭСтерди куруу жана жаңылоо иштери саналды.

2024-2025-жылдары ондогон ГЭСтер ишке киргизилди, анын ичинде Бала-Саруу, Ысык-Ата-1, Ысык-Ата-2, Аксы ГЭСи жана башкалар бар. Буга удаа эле ири станцияларда жаңылануу иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулук кошулду.

  • Токтогул ГЭСинде 240 МВт кошулду;
  • Үч-Коргон ГЭС – 9 МВт кошулду (толук бүткөндө 36 МВт);
  • Камбар-Ата-2 ГЭСинде 120 МВттык экинчи агрегат ишке киргизилүүдө;
  • Ат-Башы ГЭСи – 11,44 МВт.
mini-ges-850x560.2e16d0ba.format-webp.fill-166.width-800

Жакынкы жылдары өлкө боюнча 70тен ашык орто жана чакан ГЭСтердин курулуштары пландалган. Кара-Кечеге 1200 Мегаваттык ЖЭБ куруу иштери башталды, анын бир жылдык өндүрүлгөн электр энергиясы 7 млрд кВт саатка чейин жетет жана кышкы мезгилдеги дефицит жабылат.

Үнөмдөө жарандык милдеттей

Президент билдиргендей, ар бир күйүп турган 100 Ваттык лампочка бир саат тынымсыз күйсө, Токтогул ГЭСинен 270 литр суу кетет. Энергияны үнөмдөө жөн гана сунуш эмес, бул улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү. Кыргызстан электр энергияны калкка 1 сом 37 тыйындан сатат, бул коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бир нече эсеге арзан:

  • Казакстан – 5-8 сом,
  • Өзбекстан – 3,6 сомдун тегерегинде,
  • Германия – 50 сом.

Бирок арзан электр энергия жоопкерчиликсиздикти билдирбейт. Ички керектөө канчалык жогоруласа, өлкө ошончолук көп энергия импорттоого аргасыз болот, бул валюта ресурсун жоготуп, энергетикалык көз карандысыздыкка доо кетирет.

transmission-line-s.2e16d0ba.format-webp.fill-.width-800

Эмне үчүн энергияны үнөмдөө маанилүү: экологиялык жана экономикалык мааниде

Энергияны үнөмдөө – бул бюджетке гана аяр мамиле эмес, экологиялык да маселе. Дүйнөдө электр энергиясынын негизги булактары – көмүр, мунай жана газ – кайра жаралуучу эмес булактар айлана-чөйрөгө эбегейсиз зыян келтирет. Алардын күйүшү парник газдарын, оор металлдарды жана радиоактивдүү бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгарат, бул климаттын өзгөрүшүнө жана оорулардын көбөйүшүнө алып келет.

Мындан тышкары, суу ресурстарын рационалдуу башкарбай ГЭСтерди интенсивдүү пайдалануу көлмөлөрдөгү суунун тайыздашына жана экосистемалардын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстандын гидроэнергетикага, күн жана шамал станцияларынына өтүшү экономикалык зарылчылык гана эмес, ошондой эле аймактын экологиялык коопсуздугуна салым кошуу болуп саналат.

WhatsApp_Image_2025-06-01_at_22.0.2e16d0ba.fil.width-800

Жарандар үйдө электр энергиясын кантип үнөмдөө керектиги үчүн сунуштар:

  1. Лампаларды энергияны үнөмдөөчү лампаларга алмаштырыңыз — алар 5-7 эсе аз энергия сарптайт.
  2. Бөлмөдөн чыгып баратканда жарыкты өчүрүп, электр шаймандарды розеткадан сууруп коюңуз.
  3. Муздаткычтарды жылуулук булактарынан алыс коюп, аларды дайыма эритип туруңуз.
  4. Плафондорду жууп туруңуз — алар таза болсо, жакшы жарык берет, жарыкты көбөйтүүнүн кажети жок.
  5. Жеке үйлөрдөгү дубалдарды, полдорду, чатырларды жана терезелерди жылуулаңыз — электр энергиясынын 40%га жакыны үйдү жылытууга жумшалат.
  6. Керектөөнү көзөмөлдөө үчүн “акылдуу” технологияларды — кыймыл сенсорлорун, керектөөлөрдү көзөмөлдөө үчүн тиркемелерди колдонуңуз.
kak-ehkonomit-ehlektroehnergiyu_doma_630.width-800

Энергияны үнөмдөө маданияттын бир бөлүгү катары

Энергияны рационалдуу керектөө маданиятын өнүктүрүү үй-бүлөдөн жана мектептен башталат. Балдарга электр энергиясын үнөмдөө өлкөнүн келечегине салым экенин түшүндүрүү маанилүү. Жөнөкөй кадамдар — "Жер сааты" сыяктуу иш-чараларга катышуу жана экологиялык мультфильмдерди (“ВАЛЛ-И”, “Фиксики”, “Смешарики”) көрүү — жоопкерчиликтүү муунду тарбиялоонун бир бөлүгү боло алат.

331466.max-1920x108.2e16d0ba.format-webp.fill-.width-800

Жыйынтыктай келгенде

Кыргызстан энергетикалык өткөөл мезгилдин алдында турат. Өлкө бир эле учурда жаңы инфраструктураны куруп, эски карыздарды жок кылып, жоопкерчиликтүү керектөө маданиятын калыптандырууда.

Президент учурдагы жетишсиздикти "убактылуу көйгөй" деп атады. Чынында эле чакан ГЭСтерди курууга, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана энергияны керектөөдө тартипти сактоого көңүл буруу Кыргызстанды энергияга көз карандысыз, өзүн-өзү камсыз кылган жана экологиялык жактан туруктуу мамлекетке айландыра алат.