Ар бир бешинчи студент педагог кесибин тандайт — Мугалимдер күнүнө карата маалыматтар

Коом Загрузка... 05 Октябрь 2025 13:40
Screenshot_1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.10.25. /Кабар/. Кыргызстандагы ар бир бешинчи студент педагог кесибин тандайт, деп билдиришти Улуттук статистика комитетинен.

2024-2025-окуу жылында республиканын бардык жогорку кесиптик билим берүү уюмдары 8 миңден ашык болочок педагогикалык кызматкерди бүтүрүп чыгарды.

Бул жылы Кыргызстанда жалпы билим берүү мектептеринин 94 миңге жакын мугалими кесиптик майрамын белгилейт, алардын 33 миңден ашыгы шаар жергесинде жана 60 миңден ашыгы айыл жергесинде иштейт.

2024-2025-окуу жылынын башталышына карата республикада 2 394 күндүзгү жалпы орто билим берүү уюмдары иштеп, анда он миңдеген педагогдор эмгектенет. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, күндүзгү жалпы орто билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү олуттуу айырмаланат. Эгерде шаардык мектептерде бир мугалимге орточо 20 окуучу туура келсе, айылдык мектептерде – 15 окуучу туура келет.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби болуп эсептелет. Жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин жалпы санынын 87%ын аялдар түзөт, алардын 8%ы директор жана директордун орун басары кызматтарын ээлейт.

Педагогдордун кесиптик даярдык деңгээли да жогору бойдон калууда: 2024-2025-окуу жылынын башталышына карата мугалимдердин 87%ы жогорку билимге ээ болгон.

Жалпысынан Кыргызстандын билим берүү тутумунда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн 5 миңге жакын уюмдары иштейт, анда 131 миңден ашуун педагог 2 миллиондон ашык тарбиялануучуну, окуучуну жана студентти окутуп, тарбиялайт.

Билим берүү өлкө үчүн эң маанилүү тармактардын бири бойдон калууда. 2024-жылы бул тармакта республиканын жалпы иштеген калкынын 10%га жакыны иштеген.

Мугалимдер күнү дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө белгиленет. Ал 1994-жылы Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү катары негизделип, педагогдордун эмгегине болгон урматтоонун жана ыраазычылыктын символуна айланган. Кыргызстанда өкмөттүн токтомуна ылайык, Билим берүү кызматкерлеринин күнү 2014-жылдан бери 5-октябрда белгиленип келет.