Прокуратура органдары өспүрүмдөрдүн укугун коргоону күчөттү

Коом Загрузка... 01 Июль 2025 13:40
1049528735_0_0_1921_1080_600x0_80_0_0_a62b317e09f40fbc6a264bc69a1065e6.jpg
copyright icon www

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатында жаш өспүрүмдөрдүн дени сак жашоо образын жайылтуу, кылмыштуулуктун алдын алуу, суицидге, ала качууга жана зордук-зомбулукка жол бербөө, ошондой эле ата-энесиз жана социалдык жактан коргоого муктаж балдардын укуктарын камсыз кылуу негизги багыттардын бири болуп эсептелет. Бул саясаттын алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы ар тараптуу иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

Райондук прокуратурадан билдиришкендей, 2024-жылы Ленин райондук прокуратурасы тарабынан балдар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында жалпысынан 22 текшерүү жүргүзүлүп, 71 мыйзам бузуулар аныкталган. Натыйжада, 17 сунуштама, 2 талап тийиштүү органдарга жөнөтүлгөн, ал эми укук бузуу боюнча 2 иш козголуп, 1 доо арыз сот органдарына берилген.

Мындан сырткары, өспүрүмдөр арасында билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышта түшүндүрүү иштерине өзгөчө басым жасалууда. Бул максатта Ленин райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен Ленин райондук Билим берүү башкармалыгы, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Ленин РИИБдин Балдар иштери боюнча инспекциясы менен биргеликте район аймагындагы орто мектептердин окуучулары менен бир нече жолугушуулар уюштурулган. Жолугушууларда өспүрүмдөргө укуктук жоопкерчилик, зомбулуктун кесепеттери, баңги заттардын зыяндуулугу жана өзүн өзү баалоонун мааниси тууралуу кеңири маалыматтар берилген.

"Ленин райондук прокуратурасы мындан ары да жаш өспүрүмдөрдү коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытында өз ишин уланта берет",-деп айтылат маалыматта.