Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Өлкөдөгү 1839 айылдын ар биринде кичи футбол аянтчасы курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда үч облуста бул багыттагы иштер аяктады.
"Эми иштерди мына Ала-Бука, Чаткал райондорунан баштайбыз. Бүгүнкү күндө иштер Баткенден бери келе жатат", — деди Садыр Жапаров.