Аптаптуу күндөрдө малга кантип кам көрүү керек? Негизги 5 кеңеш

Коом Загрузка... 08 Июль 2026 15:53
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Жайдын аптаптуу күндөрү адамдар эле эмес, мал да ысыктан кыйналат. Эгер туура кам көрүлбөсө, бул малдын саламаттыгына жана өндүрүмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Айыл чарба министрлиги ысыкта малга кантип кам көрүү керектиги боюнча маанилүү маалымат менен бөлүштү.

Төмөндөгү кеңештерге көңүл буруңуз:

  • Эң биринчи эреже таза ичүүчү суу менен камсыздоо. Ысык күндөрү малдын сууга болгон муктаждыгы бир нече эсе көбөйөт. Ошондуктан суу дайыма жетиштүү көлөмдө болушу шарт.
  • Малды күндүн эң ысык маалында көлөкөгө киргизиңиз. Табигый көлөкө же атайын бастырма ысык соккудан сактоого чоң жардам берет.
  • Малды жайытка эртең менен эрте же күн баткандан кийин чыгаруу сунушталат. Түш мезгилиндеги катуу ысыкта малды ашыкча кыймылдатпоого аракет кылыңыз.
  • Эгер малдын дем алуусу тездеп, шилекейи көбөйүп же алсырап калса, бул ысык соккунун белгилери болушу мүмкүн. Андай учурда малды дароо көлөкөгө алып барып, суу ичирип, зарыл болсо ветеринарга кайрылыңыз.
  • Короо жайын таза кармаңыз. Бузулган жемди бербеңиз жана рациондо минералдык туздардын жетиштүү болушуна көңүл буруңуз.
"Бул жөнөкөй эрежелерди сактоо менен малды жайкы аптаптан коргоп, анын ден соолугун жана өндүрүмдүүлүгүн сактай аласыз. Малга кам көрүү — берекелүү чарбанын негизги кепилдиги",-деп айтылат маалыматта.