Апрелде электр кубаттуулугуна коюлган чектөөлөр алынышы мүмкүн

Коом Загрузка... 10 Март 2026 11:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Жылытуу мезгили жыйынтыкталса, электр кубаттуулугун жогорулатуу маселеси каралат. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө билдирди.

Ал белгилегендей, керектөөчүлөрдөн электр кубаттуулугу жогорулатылабы деген суроолор көп келүүдө. Жылытуу мезгили марттын аягы менен ийгиликтүү аяктаса, апрель айында талдоолордун жыйынтыгына карап, тиешелүү чечим чыгарылат.

"Акылдуу эсептегичтерди орноткондо программанын өзүнө уруксат берилген кубаттуулук боюнча белгилүү сааттарда электр энергиясын пайдалануу тартиби киргизилген. Мында система кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин, эртең менен саат 07:00дөн 09:00гө чейин талаптарды так аткарууда. Бул убактарда электр энергиясынын жүктөмү көзөмөлдөнүп турат. Кардарлардын бардыгы кыштан чыктык, кубаттуулук жогорулатылабы деп сурап жатышат. Жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүп жатабыз. Эч бир жерде сааттап электр энергиясын бербей калуу учурлары катталган жок. Чоң авариялык өчүрүүлөр болгон жок, кыска мөөнөттүү гана мүчүлүштүктөр болду. Эми апрелге чейин дагы 20 күндөй убакыт бар. Жылытуу мезгилин толук бүтүрүп алышыбыз керек. Андан соң анализдерибизди карап, так чечим чыгарабыз. Кардарларга убагында маалымат беребиз", — деди ал.