Apple’дин алгачкы компьютери аукциондо $1,15 млн сатылды

Дүйнө
Apple’дин алгачкы компьютери аукциондо $1,15 млн сатылды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Apple компаниясынын тарыхындагы эң сейрек кездешүүчү компьютерлердин бири Нью-Йорктогу Bonhams аукционунда 1,15 млн долларга сатылды, деп Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, Hatfield деп аталган компьютер 1976-жылы Apple негизделгенде чыгарылган. Компьютердин азыр да иштей турганы белгиленген. Анда компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Стив Возняктын колу да калтырылган.

Түзмөк менен бирге жаңы ээсине Стив Жобстон 1978-жылдын январында жазылган кат берилген. Анда Жобс Apple-1' ди 4 килобайт эс тутуму бар жаңы Apple II платасына алмаштырууну сунуштаган. Бирок компьютердин жаңы ээси сунуштан баш тартып, компьютерди сактап калган. Жабдуу ондогон жылдардан кийин баалуу тарыхый артефактка айланды.

Apple-1' дин реестри боюнча, бул моделдин 94 үлгүсү бар экени тастыкталган. Bonhams аукцион үйүнүн маалыматына ылайык, дүйнөдө бул компьютерлердин 75тен азы калган.

Аукционго чейин Hatfield 500–800 миң доллар деп бааланган.