Апельсин, мандарин, оюнчук: Жаңы жыл алдында кайсы товар көп импорттолууда?

Экономика Загрузка... 22 Декабрь 2025 14:24
cb93ef18c366a3e7adc.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Жаңы жыл жакындаган сайын өлкөгө майрамдык товарлардын агымы көбөйүүдө. Бул бажы статистикасынан байкалат.

Бажы кызматынан билдиришкендей, ноябрдын башынан бери ташылып келген продукцияларды талдап чыгып, майрам алдындагы эң популярдуу делген топ-5 товардын тизмеси түзүлдү.

Жасалма балатылар, оюнчуктар, гирляндалар жана башка жасалгаларсыз Жаңы жылды элестетүү мүмкүн эмес. Ноябрдан баштап 18-декабрга чейин өлкөгө жалпысынан 46 тонна ушул багыттагы товарлар ташылып келген.

Майрамдык менюнун негизги бөлүгүн түзгөн жемиштердин импорту да кыйла өстү. Ушул эле мезгилдин ичинде төмөнкүлөр алып келинди:

  • 474 тонна ананас;
  • 442 тонна апельсин;
  • 218 тонна курма;
  • 7 миң тонна мандарин.

Негизги жеткирүүчүлөр: Кытай, Өзбекстан жана Түркия.

"Бажы кызматы майрамдык маанай ар бир үйгө кечикпей жетүүсү үчүн товарларды өз убагында тариздөөнү жана тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыз кылууда",-деп айтылат маалыматта.