АӨБ: Айымдар ишкердигин өнүктүрүү — коомду өнүктүрүүнүн ачкычы

Экономика Загрузка... 21 Октябрь 2025 12:39
3.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Аялдар ишкердигин өнүктүрүү коомду өнүктүрүүнүн ачкычы болуп саналат. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын аймактык кызматташтык боюнча башкы адиси Зульфия Керимова Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) уюмунун ишкер айымдарынын форумунда билдирди.

Анын айтымында, аймактардагы аялдар туш болуп жаткан негизги көйгөйлөрдүн бири - финансы ресурстарына жеткиликсиздик. Буга байланыштуу АӨБ Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) уюмунун аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган программаларын активдүү колдоп келет.

"Биз аялдаро ишкердигин колдойбуз жана экономика жана коомдо алардын ролунун маанилүүлүгүн белгилеп келебиз. Эгер мамлекет аялдардын көйгөйлөрүн системалуу чечсе, анда үй-бүлөлүк зомбулук сыяктуу көрүнүштөр болбойт. Аял билимдүү, өзүнүн жумушу бар, финансылык жактан көз карандысыз жана дүйнө таанымы кең болсо - бүткүл коом утат. Биздин милдет - аялдар өзүн-өзү ишке ашыра алышы үчүн аларга билим жана тажрыйба берүү", — деп белгиледи Каримова.

АӨБдүн өкүлү Борбор Азия аймактын экономикалык кызматташтык уюмунун программасы 2001-жылдан бери ишке ашырылып келе жатканын жана бул аралыкта АӨБ башка каржы институттары менен биргеликте аны ишке ашырууга 32,5 млрд доллар багыттаганын эске салды.

"Уюм 2030-жылга карата гендердик стратегиясынын алкагында аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөргө тең жетүүсүн, алардын социалдык укуктарын чыңдоону, аймактык тармактарды өнүктүрүүнү жана саясатты реформалоону алдыга жылдыруу милдеттери коюлган. Өзгөчө көңүл аялдардын санарип экономикага катышуусун кеңейтүүгө жана алардын маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга бурулат", - деди ал.