Анжиянга Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылат

Президент 30 июль 2026 19:22
Анжиянга Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылат

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Анжиян шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугун ачуу демилгеси колдоого алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасап жатып билдирди.

“Бул жарандардын эркин барып-келүүсүнө, сооданын, транзиттин, логистиканын, маданий-гуманитардык байланыштардын, туризмдин өнүгүшүнө жана чек ара аймактарынын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзө турган маанилүү иш жүзүндөгү кадамдар болуп саналат”,-деди мамлекет башчысы.