Анжиянда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын орчундуу багыттары талкууланды

Борбор Азия 1393 22 Сентябрь 2025 16:00
p_22.jpg
p_22_2.jpg
p_22_1.jpg
p_22_0.jpg
p_22_.jpg
Алдыга
Артка
p_22.jpg
p_22_2.jpg
p_22_1.jpg
p_22_0.jpg
p_22_.jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 22.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Фергана өрөөнүнө жасаган жумушчу сапарынын алкагында Анжиян облусунун хокиминин орун басары Илхом Собиров менен жолукту.

Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды.

Элчиликтин маалыматына ылайык, тараптар чек арага жакын аймактардагы соода, туризм жана билим берүү тармагындагы байланышты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен пландар белгиленди.

Сапардын жүрүшүндө элчи «Жибек жолу» эркин экономикалык аймагында жайгашкан «Andijan Green Energy» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Күн панелдерин жана электр жабдыктарын чыгаруучу компаниянын жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүдө чек ара аймактарындагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана продукцияны Кыргызстанга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан сырткары, элчи Чотонов Анжиян облусундагы Кыргыз улуттук маданий борборунун активисттери менен да баарлашты.