Анжиян шаарында кыргыз-өзбек бизнес-форуму өттү

Экономика Загрузка... 29 Май 2025 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 29.05.25. /Кабар/. 27-май күнү Анжиян шаарында кыргыз-өзбек бизнес-форуму болуп өттү, деп кабарлайт Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү.

Форумдун негизги максаты — эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү, ишкер чөйрөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү болуп саналат.

Форумга Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, “Кыргыз Экспорт” экспортту илгерилетүү борборунун, КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жана кыргыз ишкер чөйрөсүнүн мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында кыргыз жана өзбек ишкерлери ортосунда B2B форматындагы жолугушуулар өткөрүлүп, жаңы өнөктөштүк байланышты түзүү, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулоо жана өз ара пайдалуу макулдашууларга жетишүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Өзбекстандагы бир катар өндүрүш ишканаларына барып, алардын инфраструктурасы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана өзбек кесиптештеринин тажрыйбасы менен таанышышты.

Серепчилер белгилегендей, мындай форумдардын өткөрүлүшү Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзүп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана өз ара сооданын көлөмүн кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Белгилей кетсек, ушундай эле иш-чара буга чейин, 26-майда Наманган шаарында да өткөн.