Анжиян мамлекеттик пединститутунда Кыргыз тилинин күнү белгиленди

Борбор Азия Загрузка... 25 Сентябрь 2025 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 25.09.25. /Кабар/. Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинде Кыргыз тилинин күнү белгиленди. Бул тууралуу Кыргыз тили таануу кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Махбуба Темирова маалымдады.

Иш-чарага кыргыз тили жана адабияты багытынын профессор-окутуучулары, студенттери жана устаттары катышты.

Анын айтымында, Ч.Айтматов атындагы Кыргыз тили жана маданияты борборунда өткөн майрамдык иш-чарада тилдин ыйыктыгы жана анын улут үчүн мааниси тууралуу ой-пикирлер айтылды.

«Кыргыз тили – ата-бабабыздын акылы, тарыхы жана келечегибиздин багыты. Тил – улуттун жүрөгү. Кыргыз тили – апамдын бешик ыры, атамдын насааты, элдин руху. Бул тилди сүйүү – өзүбүздү сүйүү. Ар бир үй-бүлөдө кыргыз тилин урматтап, балдарыбызга үйрөтүшүбүз керек», – деди доцент Темирова.

Майрамдык кечеде студенттер кыргыз тилине арналган ырларды, комуз коштоосундагы дастандардан үзүндүлөрдү, ошондой эле кыргыз жана өзбек улуттук бийлерин тартуулашып, көрүүчүлөргө көӊүлдүү маанай тартуулашты. Бул иш-чара кыргыз тилин даңазалоо менен бирге, кыргыз-өзбек достугун чыңдоого да өзгөчө салым кошту.