Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев "Кабар" маалымат агенттигине Кыргызстандын эки финансы мекемесине карата санкциялардын киргизилиши боюнча комментарий берди.
Эске салсак, күн мурун Европа биримдиги тарабынан "Толубай" банкка жана “Евразиялык аманат банкына” санкция киргизилген.
Буга байланыштуу Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарына жооп берди.
"Зарылдыгына жараша жөнгө салуучу орган банк секторунун туруктуулугун сактоо жана аманатчылар менен кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында каралган кошумча чараларды жана инструменттерди ишке ашырууга даяр", - деп белгилешти Улуттук банктан.
Анвар Абдраев жөнгө салуучу органдын позициясына тилектештигин билдирип, Европа өлкөлөрүнүн санкциялык саясаты белгилүү бир суроолорду жаратып жатканын айтты.
“Мен биздин финансы системабызга кысым көрсөтүп жаткан өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугуштум. Эгерде санкциялар киргизилсе, бизге каршы дооматтардын эмне себептен келтирип жатканын тастыктаган кандайдыр бир фактылар, далилдер же негиз болушу керек. Бул олуттуу аракеттер да, бирок мен ал тараптардан эч кандай жооп же түшүндүрмө ала алган жокмун.
Учурда биздин каржы системабыз туруктуу. Улуттук банк кырдаалды толук көзөмөлдөө үчүн бардык зарыл инструменттерге ээ, бирок ансыз деле каржы секторунун ликвиддүүлүгү жетиштүү кору менен бар. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө санкциялар боюнча өлкөнүн позициясын баса белгилеген.
Банктар союзу ар кандай текшерүүлөргө жана аудиттерге катышууга, түшүнбөстүктөрдөн арылуу жана кызматташууга тоскоол болгон маселелерди чечүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр", - деди Анвар Абдраев.
Кыргыстандын Тышкы иштер министрлиги да санкциялар боюнча үн катты. Ведомстводон фактылык жагдайларды текшерүү , чектөө чаралары ишенимдүү жана текшерилген маалыматтарга негизделгенин ырастоо үчүн Европа биримдигинин өкүлдөрү менен биргеликте көз карандысыз аудит жүргүзүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.
“Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так аткарып, Европа биримдигиндеги өнөктөштөрү менен санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү менен байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алууга багытталган ачык жана конструктивдүү диалогду жүргүзөт.
Белгилей кетүүчү жагдай, Европа биримдиги Борбор Азия мамлекеттери менен стратегиялык өнөктөштүктү куруу, анын ичинде биздин өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү ниетин дайыма билдирип келет. Бул контекстте кыргыз тарап Европа биримдиги жана ага мүчө мамлекеттер менен тең укуктуу, өз ара сый-урматка жана ишенимдүү өнөктөштүккө даяр. Мындай мамиле бизге бир тараптуу санкцияларга караганда өз ара пайдалуу максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет", - деп баса белгилешти Тышкы иштер министрлигинен.