Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Күн мурун Түркиянын Анталия шаарында кыргыз-түрк достугунун символу болгон "Манас" паркы салтанаттуу ачылды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, парктын ачылышы кыргыз элинин бай тарыхый жана маданий мурасына терең урмат көрсөтүү, ошондой эле эки боордош элдин достук байланышын чыңдоо максатын көздөйт.
Салтанаттуу иш-чара Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу башында турган кыргыз делегациясынын Анталия шаарына болгон иш сапарынын алкагында өттү. Сапар Кепез муниципалитети менен боордоштук мамиле орнотуу максатында уюштурулган.
Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу боордош Кепез муниципалитетине кыргыз боз үйүн белекке берди. Боз үй кыргыз элинин көчмөн мурасын чагылдырган маданий элемент катары кызмат кылуу үчүн жаңы паркка орнотулмакчы.
Мындан тышкары, парктын аймагына Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтеринин миниатюралары орнотулары пландалууда. Бул Анталиянын тургундарына жана конокторуна Кыргызстан менен жакындан таанышууга мүмкүндүк берет.