Мамлекеттик катчы Алтайда Манаска эстелик орнотууну сунуштады

Коом 25 сентябрь 2026 17:25
Мамлекеттик катчы Алтайда Манаска эстелик орнотууну сунуштады
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев "Өр Алтай – түрк элдеринин ата мекени" аттуу III Эл аралык илимий-практикалык конференциясында сөз сүйлөп, Алтайды түрк элдеринин тарыхый эс-тутумун, тилин, маданиятын жана дүйнөтаанымын изилдөөдө өзгөчө мааниге ээ болгон тарыхый мейкиндик катары белгиледи.

Анын айтымында, Алтайды изилдөө бир гана өткөн тарыхты таануу эмес, түрк цивилизациясынын калыптануу жолдорун терең түшүнүүгө мүмкүндүк берген маанилүү илимий багыт болуп саналат.

Мамлекеттик катчы кыргыз элинин тарыхын Улуу Алтайдын тарыхынан бөлүп кароого болбой турганын белгилеп, тарыхый процесстерди археология, антропология, этнография, лингвистика, фольклористика жана палеогенетика сыяктуу илимдердин өз ара байланышы аркылуу комплекстүү изилдөөнүн зарылдыгын айтты.

Арслан Койчиев өз сөзүндө кыргыз элинин тарыхый эс-тутумунда өзгөчө орунду ээлеген "Манас" эпосуна да токтолду.

Ал эпосту кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн, тарыхый эс-тутумунун жана дүйнөтаанымынын улуу мурасы катары белгилеп, "Манастын" Алтай аймагы менен байланышкан мотивдерин жана Саян-Алтай элдеринин эпикалык салттары менен окшоштуктарын терең изилдөө зарылдыгын айтты.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик катчы Алтай жеринде эпикалык баатыр Манастын эстелигин орнотуу демилгесин расмий түрдө сунуш кылды.

Анын пикиринде, жалпы тарыхый жана маданий мурасты изилдөө элдердин өзгөчөлүгүн жокко чыгарбайт, тескерисинче, ар бир элдин тарыхый ордун жана өзгөчөлүгүн тереңирээк түшүнүүгө шарт түзөт.

Конференциянын жүрүшүндө Арслан Койчиев тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана илимий кызматташтыкты кеңейтүү азыркы шартта өзгөчө маанилүү экенине токтолду.

Кыргыз Республикасы Казакстан, Алтай, Сибирь, Кавказ, Кичи Азия жана Борбордук Азиядагы илимий борборлор менен тарых, археология, этнография жана маданият багыттарындагы байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Биргелешкен археологиялык экспедицияларды өткөрүү, тарыхый булактарды санариптештирүү, музейлер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана жаш окумуштуулар үчүн биргелешкен илимий программаларды ишке ашыруу жалпы түрк дүйнөсүнүн тарыхын илимий негизде изилдөөгө өбөлгө болору белгиленди.