Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Күн мурун Түп районунун Түп айылында Балбай баатырдын эстелигинин ачылыш аземи өттү.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, облус башчысы Бакытбек Жетигенов, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аземдин алкагында кыргыз элинин тарыхый мурасын жана улуттук баалуулуктарын даңазалоого өзгөчө көңүл бурулду.