Бишкек, 03.10.25. / Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү TPS-OIC Соода сүйлөшүүлөрү комитетинин жыйынына катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, 1–2-октябрда Анкара шаарында Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин артыкчылык соода тутумун (TPS-OIC) өнүктүрүүгө арналган Соода сүйлөшүүлөрү комитетинин (TNC) жыйыны болуп өттү. Жыйынга Түркия төрагалык кылды.
Иш-чарага ОИКтин башкы катчылыгы, TNC катчылыгы, СОМСЕКтин Координациялоо башкармалыгы, Ислам сооданы өнүктүрүү борбору (ICDT), Статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр борбору (SESRIC), Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институту (SMIIC), ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары катышты.
Ал эми Кыргызстанды бул жыйында Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү таанытты.
Жыйында TPS-OIC системасын натыйжалуу ишке киргизүү, тарифтик преференциялардын жаңыртылышы, SMIIC стандарттарын интеграциялоо жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода байланыштарын кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүү, инвестициялар, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, талаш-тартыштарды жөнгө салуу жана бажы кызматташтыгын өнүктүрүү багыттары каралды.
Тараптар TPS-OIC системасын кеңейтүү процессин 2026-жылдан тартып баштоо боюнча макулдашышты. Мындан тышкары, COMCEC TPS-OIC электрондук платформасын активдүү колдонуу керектиги айтылды. Анткени бул маалымат алмашууну жакшыртууга жана өз ара аракеттенүү механизмдерин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.