Анкарада Кыргызстанда түрк клиникасын куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Ден соолук Загрузка... 13 Июнь 2025 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жеке клиникалар тармагынын башкы директору Локман Хеким Сулейман Алпер Инжегозем менен жолугушту.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, Локман Хеким клиникалык тармагы көп тармактуу медициналык мекеме болуп саналат жана Түркия боюнча 10 филиалы бар. Ошондой эле клиниканын Анкарада жайгашкан жогорку окуу жайы бар.

Жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелерин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын дарылоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргызстанда Локман Хеким клиникасынын филиалын куруу перспективасына өзгөчө көңүл бурулду. Элчи заманбап медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция тартуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.

Тараптар мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында активдүү диалогду улантууга макулдашышты.