Амфитеатр, скейт-парк жана фонтандар. Ошто жаңы парктын курулушу аяктоо алдында турат

Аймак 2 июнь 2025 12:26
502609357_1045922257726671_8463423134775119202_n.jpg
500786996_1045921931060037_6803614652869768851_n.jpg
500288598_1045922131060017_129244466663390108_n.jpg
500628649_1045922377726659_7511985187202036270_n.jpg
494134659_1045922281060002_6751978732898529255_n.jpg
494610872_1045922244393339_1933611824293224560_n.jpg
502521229_1045922441059986_832358935792933110_n.jpg
494714196_1045922474393316_2253466539890748555_n.jpg
501658458_1045922181060012_4409847684703418819_n.jpg
499770299_1045922084393355_1378711380594770328_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Ош шаарында А.Навои атындагы сейил багынын бир бөлүгүнө жаңы эс алуучу жайдын курулушу аяктоо алдында турат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, буга чейин кароосуз калган О. Акимбаев көчөсүн бойлой «Ферас» бассейнинен парктын өзүнө чейинки бөлүгүндө курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, жаңы аймакта амфитеатр, насостук аянтча, скейт-парк, воркаут аянтчасы, балдар ойноочу аянтчалар, сейилдөө үчүн аянтчалар жана фонтандар болот.

Муну менен катар, аймакты жакшыртуу жана жашылдандыруу иштери да жүрүп жатат.

«Жакынкы аралыкта бардык иштер бүткөрүлүп, эс алуу зонасы шаар тургундары үчүн жеткиликтүү болот деп күтүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.