Амфитеатр, аттракцион: Караколдогу сейил бак реконструкцияланууда

Аймак Загрузка... 01 Июль 2026 11:30
735810456_1039135238850354_5888585657417021634_n.jpg

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Каракол шаарындагы Пушкин атындагы борбордук сейил бакты реконструкциялоо иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектарды түзөт. Бүгүнкү күндө 12 аттракцион, административдик имарат жана башка негизги объектилердин курулушу аяктады. Учурда аттракциондорду сыноодон өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери улантылып, жашыл майсаңды төшөө, автоматтык сугаруу системасын орнотуу, жөө адамдар жана веложолдорду иретке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында эс алуу аймагында фонтан, спорттук аянтчалар, амфитеатр, кафе жайгашат.

Курулуш иштери министрлик тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда.