Америкалык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

Экономика Загрузка... 07 Ноябрь 2025 17:27
1-1.png
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кыргыз-америка Ишкерлер кеңешинин тегерек столун өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, тегерек стол президент Садыр Жапаровдун Америкадагы "С5+1" форматынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Сыдыков Кыргызстан стратегиялык инвестициялар үчүн ачык бойдон кала берерин жана чет элдик өнөктөштөргө долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында ачык-айкын шарттарды, туруктуулукту жана мамлекеттик колдоону көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Министр өлкө реформа жолу менен ишенимдүү жылып баратканын жана региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн кыргыз-америкалык ишкердик өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого үмүттөнөрүн белгиледи.