Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу Нью-Йоркто өтүп, анда Кыргызстандын экономикасынын учурдагы абалы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана америкалык бизнес менен ишкердик байланыштарды кеңейтүүнүн келечеги боюнча түз диалог үчүн аянтча түзүлдү.
Жолугушуунун башында StoneX Group компаниясынын аткаруучу директору Филип Смит саламдашуу сөзүн сүйлөдү. Ошондой эле өз пикирлерин жана сунуштарын Нью-Йорктун ишкер чөйрөлөрүнүн башка өкүлдөрү да билдиришти.
Сөз сүйлөгөндөр Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүндөгү оң динамиканы, жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерди белгилешти.
Алар эл аралык бизнестин Кыргызстанга жана Борбор Азияга болгон кызыгуусу өсүп жатканын баса белгилеп, ишкердик байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.