Америкадагы маянабыздан көп: АКШдан кайткан адистер "Ала-Тоо Резортто" эмгектенүүдө

Коом Загрузка... 03 Июль 2026 18:30
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. АКШда иштеп жүргөн кыргызстандык адистер өлкөгө келип, “Ала-Тоо Резорт” тоо кластерин программалоо иштерине көмөк көрсөтүүдө.

“Ала-Тоо Резорт” долбоорунун алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүү учурунда президент Садыр Жапаров адистер менен баарлашып, иш шарттары тууралуу сурады.

736846754_1327961032287955_4789126267332925596_n
“30 жыл бою чет өлкөдө иштедиңер. Эми өз жериңерде иштеп, кызмат кылгыла. Чет өлкөдөн тапкан-ташыганыңардын баарын бизге салгыла. Бизде да иштер көп”, -деп айтты өлкө башчысы.

Америкада эмгектенип келген кыргыз жарандары өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорго өз салымдарын кошууну чечишкенин билдиришти.

“Америкада иштеп жүргөн кесиптештерибиз да келерин айтышты. Ал жакта алып жүргөн маянага салыштырмалуу Кыргызстанда көбүрөк каражат төлөнүп жатат”, - деп белгилешти алар.