Амангелдиев: Күйүүчү майдын кымбатташы тартыштыкка байланыштуу убактылуу көрүнүш

Экономика Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 11:25
copyright icon Кабар

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Дүйнөдө абал турукташса, күйүүчү-майлоочу материалдын баасы сөзсүз иүшөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда мунай баасынын өсүшү негизинен экономикалык факторлорго эмес, рыноктогу тартыштыкка байланыштуу болууда.

"Биздин эң негизги максатыбыз бул жылды түзүлгөн келишимдердин негизинде туруктуу аяктоо. Ошол эле учурда кийинки жылга жаңы кубаттуулуктар жана заводдор менен иштөө, туруктуу жеткирүү боюнча келишимдерди түзүү багытында аракеттер көрүлүп жатат", – деди Амангелдиев.

Ал белгилегендей, учурда министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү үчүн күйүүчү-майлоочу материал менен камсыздоо негизги багыттардын бири болуп саналат.