Амангелдиев: Бажы жетекчилеринин бүгүнкү жыйыны өнүгүүнүн жаңы этабына жол ачат

Коом Загрузка... 04 Июнь 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-06-04 at 12.40.35.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 04.06.25 /Кабар/. Бүгүнкү жыйын — жыйынтык чыгаруу гана эмес, келечектеги өнүгүүнүн багытын аныктоочу мүмкүнчүлүк. Сөз боло турган темалардын актуалдуулугу жана талкуулардын конструктивдүүлүгү интеграциялык процесстерди чыңдоого, санариптик трансформацияны илгерилетүүгө, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Чолпон-Атада Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынында билдирди.

“Бул кеңеш - шериктештикке мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууда натыйжалуу механизм болуп келе жатат. Евразия мейкиндигинде бажыны жөнгө салуу чөйрөсүндө координацияны бекемдөө жана ыкмаларды шайкеш келтирүү боюнча профессионалдуу диалог жүргүзүүгө абройлуу аянтча болуп саналган бул жыйынга катышуу Кыргызстан үчүн чоң сымык. Эки иш-чаранын параллелдүү өтүшү - интеграциянын жогорку деңгээлин жана соода-экономикалык процесстердеги глобалдык трансформация шартында жалпы милдеттерди комплекстүү талкуулоонун маанилүүлүгүн билдирет”, - деп белгиледи ал.

Амангелдиевдин айтымында, кеңеш 1993-жылы түзүлгөндөн бери 79 жыйын өткөрүлүп, 760тан ашык чечим кабыл алынган. Ошондой эле бажы иштери боюнча кызматташтык жана өз ара жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну кошо эсептегенде ондогон эл аралык документтер иштелип чыгып, бирдиктүү бажы статистикасынын методологиясы, товарлардын келип чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелери жана башка бир катар документтер ушул ишмердүүлүктүн жыйынтыгы. Бул иштер улуттук системаларды шайкеш келтирүүгө жана КМШ алкагында сооданы жөнөкөйлөтүүгө өбөлгө түздү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйын кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулоого, жалпы мамилелерди иштеп чыгууга жана мамлекеттердин бажы кызматтарынын ишин андан ары өркүндөтүүгө өбөлгө боло турган чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-жыйыны, ошондой эле Бажы кызматынын биргелешкен коллегиясынын 50-жыйыны өттү.