Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Амангелди Маматкаримович Атазаков Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кол койгонун шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кадрдык өзгөрүү бөлүмдүн мурдагы жетекчиси Жылдызбек Болотбековдун башка кызматка которулушуна байланыштуу кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Амангелди Атазаков буга чейин Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүндө башкы адис кызматында иштеп келген.